Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2019-жылдын 29-марты № XXI-3
Ноокат шаарынын аймагындагы агуучу арыктарды (дренаждарды) тазалоо иштери үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Бостон, Кара-Турпак кварталдарында жана Ноокат ресторанында жер алдындагы суулардын көтөрүлүшүнүн натыйжасында турак-жайларга жана имараттарга зыян келтирип жаткандыгына байланыштуу көп жылдан бери тазаланбай келе жаткан суу топтомдору агуучу арыктарды (дренаждарды) тазалоо иштери үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаарынын аймагындагы агуучу арыктарды (дренаждарды) тазалоо иштери үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жыл бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |