Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2019-жылдын 29-марты № XXI-4
Ноокат шаарына караштуу Кара-Турпак кварталындагы ФАП ка акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарына караштуу Кара-Турпак кварталындагы ФАП ка кыш, кум, ак, арматура жана эшик-дерезелерди сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 2019-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен Ноокат шаарына караштуу Кара-Турпак кварталындагы ФАП ка кыш, кум, ак, арматура жана эшик-дерезелерди сатып алуу үчүн-570 000 (беш жүз жетимиш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |