Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2019-жылдын 29-марты № XXI-5
Ноокат шаарынын Чечме-Сай дарыясынын таштандылардан тазалоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын базарынан борбордук мечитке чейинки Чечме-Сай дарыясынан таштандыларды тазалоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛА Т
1. Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 2019-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен Ноокат шаарынын борбордук базарынан мечитке чейинки Чечме-Сай дарыясынын таштандылардан тазалоо үчүн-230 093 (эки жүз отуз миң токсон үч) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |