Загрузка документа…
КАРА–КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-февралы № 16/1
Кара–Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук уюмдардын ( аялдар , жаштар кенешинин, аксакалдар сотторунун) участкалык инспектор менен биргеликте кылмыштуулукка каршы жүргүзүлүп жаткан иш аракеттери жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара – Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча участкалык инспектор Корголов Жоодарбектин отчету канааттандырарлык деп табылсын .
2. Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагындагы ар бир айылдарда коомдук тартипти сактоодо элдик дружиналарды уюштуруп , ар кандай тартип бузуулар боюнча маселелерди элдик талкууга коюп жана кылмыштуулукка каршы мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы аксакалдар сотунун төрагасы Т. Көчкөнбаевге жана участкалык инспектор Ж. Корголовго милдеттендирилсин .
3. Кылмыштуулукту болтурбоо максатында ар бир айылдарда иштебей жүргөн өспүрүмдөрдүн так учетун алып , ата- энелердин , айыл аксакалдарынын , коомчулуктун жардамы менен элге пайдалуу иш аткарууга , тартиптүүлүккө чакырып , үгүт иштерин жүргүзүү жагы айыл башчыларга , мектеп директорлоруна жана участкалык инспектор Ж. Корголовго милдеттендирилсин.
4. Кылмыштуулукту болтурбоо максатында ар бир айылдагы дукөндөрдүн , камоктордун башчылары, кечки саат 8 -00 дөн 10- 00 гө чейин жаш өспүрүмдөргө ичкилик ичимдиктерин жана тамеки сатууга тьюу салынсын .
5. Коомдук тартипти сактоо максатында атайын «Бөгөт» топтору түзүлүп , түнкү күзөтчүлктөр уюштурулуп , бул багыттагы ишти колго алуу жагы айыл башчылар
( Т. Сопубеков , О. Жолдошов , О. Жолдошовго ) жана участкалык инспекторго
( Ж. Корголовго ) жуктолсун .
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара- Кочкор айылдык округунун кенешинин мыйзамдуулук , укук тартиби , мандат ,Кенештердин иштери , депутаттык этика , коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (торага Ж. Абдибаитов ) жана айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын .
Төрага | Э. Жакеев |