Загрузка документа…
ЖЫРГАЛАҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-майы № 12
Жыргалаң айылдык кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
Жыргалаң айылдык кенешинин жана айыл өкмөтүнүн иш- кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө жергиликтүү депутаттардын жана айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлеринин маалыматтарын угуп жана талкуулап ошондой алар тараптан түшкөн сунуштарын эске алып Жыргалаң айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XII – сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жыргалаң айылдык кенештин жана айыл өкмөтүнүн иш-кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.
2. Бул токтомду ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айылдык кенештин жооптуу катчысы П.С.Кокоевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештинсоциалдык маселелер, депутаттык этика жана мекеме ишканалар менен иш алып баруу боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Э.К.Мамытовго жана айылдык кенештин жооптуу катчысы П.С. Кокоевге жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Букаева |