БӨРҮ-БАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылышынын №14 сессиясы
2018-жылдын 24-августу № 31
Экономикалык-пландалуучу зоналар учун зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинин 339 беренесинин 4-бөлүмүн иш жүзунө ашыруу максатында айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бөрү-Баш айыл аймагында экономикалык-пландалуучу зоналар учун айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн зоналык коефициет 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бөрү-Баш айыл аймагында экономикалык-пландалуучу зоналар үчүн үй жанындагы короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн зоналык коефицинет 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жер салыктарын эсептөө Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде жүргүзүлсүн
4. Токтом 2019-жылдын 01-январынан тартып күчүнө кирсин.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
6. Токтом Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан каттодон өткөрүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн
Төрага | Б.Ахметов |