Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-июну № 1
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо боюнча жумушчу топтун (комиссиянын) материалдарын кароо жана кабыл алуу жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жен фондун инвентаризациялоо боюнча жумушчу топтун (комиссиянын) материалдары менен таанышып, А. Оморбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жен фондун инвентаризациялоо боюнча жумушчу топтун (комиссиянын) материалдары жана А. Оморбековдун маалыматы эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жен фондун инвентаризациялоо боюнча жумушчу топтун (комиссиянын) материалдары жана А. Оморбековдун маалыматы бекитилсин.
3. Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын “31”- январындагы № 21-б буйругу менен түзүлгөн райондук комиссияга, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жер фондун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, бекитүү үчүн райондук мамлекеттик администрациясына киргизүү суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом жалпыга маалымадоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳ Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |