Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXIV- сессиясы
2019-жылдын 22-июну № 2
Жаштык айылынын тургуну З. Бектемированын кайрылуусу жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Жаштык айылынын тургуну З. Бектемированын кызы Бектемирова Жыпардын ден соолугуна байланыштуу даарыланууга акча каражатын сурап жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. З. Бектемированын 2019- жылдын 20- майындагы № Б-61 саны менен кириштелген кайрылуусу эске алынсын.
2. Бектемирова Жыпардын ден соолугуна байланыштуу даарылануусуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын ажыратып берүү жагы Айыл өкмөттүнФЭБ башчысы А.Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтынажарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин Финансы, бюджет,ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |