Загрузка документа…
БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз XXIV- сессиясы
2019-жылдын 22-июну № 3
Ууру - Жар айылынын тургуну Сейталиев Расулбек Азалиевичти Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик сыйлыгы “Манас” орденине көрсөтүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Ууру-Жар айылынын тургундарынын жалпы жыйынынын 2019-жылдын 21- июнундагы № 1 – протоколунун негизинде, Бүргөндү айыл аймагынын башчысынын 21- июнь 2019-жылдагы № 01-16/522 сандуу Сейталиев Расулбек Азалиевичти Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик сыйлыгы “Манас” орденине көрсөтүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесинин 1-пунктуна ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун Сейталиев Расулбек Азалиевичти Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик сыйлыгы “Манас” орденине көрсөтүү жөнүндөгү сунушу эске алынсын.
2. Ууру-Жар айылынын тургундарынын жалпы жыйынынын сунушун эске алуу менен айыл тургундарына, айылга жана мектепке кошкон демөөрчүлүк салымдарын эске алып Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик сыйлыгы “Манас” орденине Сейталиев Расулбек Азалиевич сунушталсын.
3. Сейталиев Расулбек Азалиевичти Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик сыйлыгы “Манас” орденине сунуштоону колдоо жагы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Э. С. Маматаевтен суралсын.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
6. Жогорку турган органдарга тийиштүү сунуштарды жөнөтүүгө көмөктөшүү жагы
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳ Айылдык кеңештин Социалдык, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, жаштар, дене-тарбия жана спорт боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Калбековко милдеттендирилсин.
Төрага | З. Арстанбеков |