Редакцияот 09.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГѲНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын кезексиз XX- сессиясы

2019-жылдын 09-январы №19

Мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 9-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 02.11.2012-ж “Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндөгү типтүү Жобого” ылайык Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ношкен айылында жашаган элдин суроо-талаптарын аткарууга алуу менен Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ношкен айылынын Т. Камалдинов көчөсүндөгү “Ноокен райондук өнүктүрүү” фонду тарабынан курулган имаратына мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесин ачуу боюнча күн тартибиндеги маселени угуп жана талккулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Ношкен айылында жашаган элдин суроо-талаптарын аткарууга алуу менен мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесине муктаждыгы эске алынсын.

2. Ношкен айылынын Т. Камалдинов көчөсүнө “Ноокен райондук өнүктүрүү” фонду тарабынан курулган көчөсүнө имаратына 60 орундуу мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемеси ачылсын.

3. Ношкен айылынын Т. Камалдинов көчөсүнө 60 орундуу бала бакча ачуу жана анын иштөөсү үчүн тамак-ашын, жумшак жана катуу инвентарларын, көмүр-отун, электр энергиясы жана башка чыгымдарына кетүүчү акча каражатын карап чыгып бөлдүрүп берүү жагы Бүргөндү айыл өкмөтүнөн суралсын.

4. Мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесине штат бирдигин ачуу, кадрлар менен камсыз кылуу жана методикалык, педагогикалык жардам көрсөтүү жагы Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

5. Аталган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областтык башкармалыгына ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бүргөндү айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана мыйзамдуулук, укук тартиби регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

З. Арстанбеков