Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-июну № 27/1
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын № 1-12/250 08.04.2019ж., № 1-12/342 30.04.2019ж., № 1-12/387 24.05.2019ж. кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу каттарынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы Токтогул көчөсүндөгу жайгашкан 0,13 га, Салахудинова көчөсүндө жайгашкан 0,12 га, Т.Мамытов көчөсүндө жайгашкан 0,11 га, Октябрь көчөсүндө жайгашкан 411,0 кв.метр жер тилкелерин шаардын муниципалдык менчигине бекитип берүү жөнүндө карап талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы Токтогул көчөсүндөгу жайгашкан 0,13 га жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
2. Көк-Жаңгак шаарындагы Салахудинова көчөсүндөгу жайгашкан 0,12 га жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
3. Көк-Жаңгак шаарындагы Т.Мамытов көчөсүндө жайгашкан 0,11 га жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
4. Көк-Жаңгак шаарындагы Октябрь көчөсүндө жайгашкан 411,0 кв.метр га жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.
5. Тиешелүү иш кагаздарын тактап коммуналдык менчик департаментинин балансынын реестрине киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Мамайкулов |