Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз ХХVII- сессиясы
2019-жылдын 24-июну № 27/3
Көк-Жаңгак шаардагы Ленин көчөсүндөгү 1/10 үйүнөн 61 үйүнө чейин Алишев Мурзахматтын атына өзгөртүп берүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаты Г.Садыкованын жана «Көлмө» кварталынын тургундарынын кайрылуу катынын жана кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика, мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 19.06.2019-жылдагы протоколунун негизинде карап талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезексиз ХХVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы Ленин көчөсүндөгү 1/10 үйүнөн 61 үйүнө чейин Алишев Мурзахматтын атындагы көчө деп өзгөртүлсүн.
2. Тиешелүү корнокторду жана көчөнүн аты жазылган тактайчаларды 2019-жылдын 1 сентябрьга чейин алмаштырылсын.
3. Көчөнүн атын алмаштырууга кетүүчү чыгымдарды Алишевдин үй-бүлөөсүнө милдеттендирилсин.
4. Көчөнүн оңдоп түздөө, жарыктандыруу жактары жана чыгымдарын Алишевдин үй-бүлөөсүнө тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Мамайкулов |