Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-марты № 1
Кенжеев Жаанбайдын наамын көчөгө берүү жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы, Таран-Базар айылынын тургуну Ж.Кенжеевдин кайрылуусун айылдык кеңештин депутатары талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Таран-Базар айылынын жаңы түшкөн көчөгө эмгек ардагери Кенжеев Жаанбайдын наамы берилсин.
2. Таран-Базар айылынын жаңы түшкөн көчөнү ирээтке келтирип, шагал төгүү жана номер тагып, кароо Кенжеев Ж. балдарына жүктөлсүн.
3. Наам берилген көчө 3 жылдын ичинде каралбаса наамы алынып салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Таран-Базар айылынын айыл башчысы Ж.Абдукаимовго жүктөлсүн.
Төрага | Ч.Тайгараев |