Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2019-жылдын 13-марты № 2
Жуманазаров Берболоттун наамын көчөгө берүү жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы, Жоон-Күнгөй айылынын тургундарынын № к.-89 сандуу 13.03.2019-жылдагы кайрылуусунун негизинде айылдык кеңештин депутатары талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жоон-Күнгөй айылындагы Жуманазаров Мадыштан Жуманазарова Савлетке чейинки көчөгө Жуманазаров Берболоттун наамы берилсин.
2. Жуманазаров Берболоттун наамы берилген көчөнү ирээтке келтирип, шагал төгүү жана номер тагып, кароо Жуманазаров Б. балдарына жүктөлсүн.
3. Наам берилген көчө 3 жылдын ичинде каралбаса наамы алынып салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Жоон-Күнгөй айылынын айыл башчысы А.Абдымамамтовго жүктөлсүн.
Төрага | Ч.Тайгараев |