Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2019-жылдын 19-апрели № 1
Жер аянтын убактылуу бөлүп берүү жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы,Таран-Базар айылынын кол.-113 сандуу 19.04.2019-жылдагы кайрылуусун айылдык кеңештин депутаттары талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын 12.11.2015-жылдагы кезексиз XXIII сессиясынын 5-токтомунда Таран-Базар айылындагы соц. обьектиге берилген 4,0 га жер аянтынан 3,0 га жер аянты беш-беш улак чабуу оюну үчүн “Курманбек Көк-Бөрү стадиону” деп убактылуу берилсин.
2. Жер аянтын бөлүп берүү жагы жер адис А.Боронбаевге жүктөлсүн.
3. Стадиондун айланасы кашааланып, жарандарга зыян келбегендей тосмологондон кийин гана улак чабууга уруксат берилсин.
4. Беш-беш улак чабууда этиканы кармоо, башка жарандарды сыйлоо жагы эскертилип, улак оюну аяктаганда өз убагында стадиондон алып чыгып кетүү жагын көзөмөлдөө жагы аксакалдар сотунун төрагасы К.Айылчиев жана Таран-Базар айылынын айыл башчысы Ж.Абдукаимовго милдеттендирилсин.
5. Убактылуу стадионго бөлүнүп берилген жер аянты ар кандай кырдаалдарга керек болгон учурда блоктору алынып, өз убагында айыл өкмөтүнө бошотулуп берилсин.
Төрага | Ч.Тайгараев |