Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2019-жылдын 19-апрели № 1
Ысмайыл атындагы жалпы билим берүүчү негизги мектебинин мугалимдер жамаатынын кайрылуусу жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы,Кара-Чолок айылындагы Ысмайыл атындагы жалпы билим берүүчү негизги мектебинин мугалимдер жамаатынын кириш №Ы/кол-114 сандуу 19.04.2019-жылдагы кайрылуусун айылдык кеңештин депутаттары талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Чолок айылындагы Ысмайыл атындагы жалпы билим берүүчү негизги мектебинин жаңы имаратынын курулушу аяктап, ишке берилгендиктен 2019-2020-окуу жылына мектепти орто билим берүүчү мектебине айландырууга уруксат берилсин.
2. Орто билим берүүчү мектепке айландыруу боюнча Сузак райондук БББнүн башчылыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын мыйзамдуулуук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч.Тайгараев |