Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2019-жылдын 19-апрели № 1
Курманбек айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджеттик чыгымдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы, айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Эрматованын сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн муктаждыктарына ылайык акча каражаттарды кайра бөлүштүрүү максатында төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бекитилген бюджетинин
Айыл өкмөтүндөгү түзүлүп жаткан муниципалдык ишкананын уставдык капиталына каралган 100,0 миң сом,
Спорттук жана маданий иш чараларды өткөрүүгө бөлүнгөн 50,0 миң сом,
Эл каттоого айылдардын картасын жасатууга каралган 40,0 миң сом,
Кара-Чолок айылына темир-бетон түркүк алуу үчүн каралган 147,0 миң сом,
Лозунг баннер жасатуу үчүн бөлүнгөн 53,0 миң сом,
Маданият үйлөрүнө, китепканаларга, мончолорго, тейлөө борборуна мамлекеттик акт алууга каралган 100,0 миң сом,
Интернет кызматы үчүн бөлүнгөн 50,0 миң сом атайын каражат,
Кар сүрүүгө бөлүнгөн 100,0 миң сом,
Резервдик фондко ашыкча каралган 1,5 миң сом акча каражаттары айыл өкмөтүнүн муктаждыктарына ылайык төмөндөгү чыгымдарга жумшоосу белгиленсин:
Таран-Базар айылындагы Торпу участкасындагы мал ичүүчү суу түтүгүн тартууга айыл өкмөттүн салымы үчүн 200,0 миң сом ,
Айыл өкмөтүнө керектүү айыл чарба шаймандарын сатып алуу үчүн айыл өкмөттүн салымына 206,3 миң сом ,
Жоон-Күнгөй айылындагы “Мээрим” балдар бакчасынын тамак-ашы үчүн 185,2 миң сом,
Саты айылынын тургуну Буржуева Венерага материалдык жардам үчүн 50,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Жоон-Күнгөй айылындагы Т.Кочкоров атындагы орто мектептин ашканасына эмерек алуу үчүн бөлүнгөн 120,0 миң сом акча каражаты ушул эле мектептин имаратынын ашканасынын капиталдык оңдоосуна жылдырылсын.
3. 2019-жылдын бюджетинин бекитилген чыгымдарына бюджеттик классификацияга ылайык өзгөртүү киргизүү жагы ФЭБ башчысына жүктөлсүн жана планга тактоо киргизүү жагы КР финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетинин төрагасы Т.Биримкуловко жана айыл өкмөт башчысы Д.Бакировко жүктөлсүн.
Төрага | Ч.Тайгараев |