Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2019-жылдын 29-майы № 7
Исмаилов Абдрахмандын наамын көчөгө берүү жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы, Кара-Чолок айылынын тургуну Исмаилов Сопубектин кириш № И-168 сандуу 29.05.2019-жылдагы айылдык кеңешке жазган кайрылуусун айылдык кеңештин депутаттары карап талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Чолок айылындагы жаңы көчөгө Исмаилов Абдрахмандын наамы ыйгарылсын.
2. Көчөнү ирээтке келтирип, шагал төгүү жана номер тагып, кароо Исмаилов А. балдарына жүктөлсүн.
3. Наам берилген көчө 3 жылдын ичинде каралбаса наамы алынып салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кара-Чолок айылынын айыл башчысы Б.Суюнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Ч.Тайгараев |