Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2019-жылдын 29-майы № 10
Сулайманов Сатардын наамын көчөгө берүү жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы, Калмак-Кырчын айылынын тургуну Сулайманов Кубанычбектин кириш № С-142 сандуу 15.05.2019-жылдагы айылдык кеңешке жазган кайрылуусун айылдык кеңештин депутаттары карап талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калмак-Кырчын айылындагы мектептин күн батышындагы көчөгө Сулайманов Сатардын наамы ыйгарылсын.
2. Көчөнү ирээтке келтирип, шагал төгүү жана номер тагып, кароо Сулайманов С. балдарына жүктөлсүн.
3. Наам берилген көчө 3 жылдын ичинде каралбаса наамы алынып салынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Калмак-Кырчын айылынын айыл башчысы А.Кеңешбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Ч.Тайгараев |