Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2019-жылдын 10-июну № 1
Курманбек айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы, Курманбек айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндөгү 2019-жылдын 10-июнунда Кара-Чолок айылында болуп өткөн коомдук угуунун протоколунун негизинде, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Эрматованын билдирүүсүн угуп, талкуулап Курманбек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Курманбек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери 2020-жылга долбоору республикадан берилүүчү теңдөө гранты менен кошулуп 15 729,8 миң сом, 2021-жылга божомолу 16 292,7 миң сом, 2022-жылга божомолу 16 327,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Республикадан берилүүчү теңдөө грантынын көлөмү 2020-жылга долбоору 4 285,1 миң сом, 2021-2022-жылдарга божомолу 4 069,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, коммуналдык чыгымдарды, тамак-аш) каржылоого жумшалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси, Кыргыз Республикасынын токтомдору менен бекитилген нормативдик актыларга жана айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн коомдук угууларда каралган маселелердин негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдары 2020-жылга долбоору 15 729,8 миң сом, 2021-жылга божомолу 16 292,7 миң сом, 2022-жылга божомолу 16327,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Курманбек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бекитилген 2020-жылга долбоору жана 2021-2022-жылдарга божомолун жалпы мамлекеттик бюджеттин кошундусуна кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировко милдеттендирилсин.
Төрага | Ч.Тайгараев |