Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-марты № 15/6
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кош-Коргон участкасындагы жер аянтына мечит салуу боюнча
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер тилкесине Кош-Коргон айылынын тургундарынын диний муктаждыктары үчүн мечит куруу боюнча айыл тургундарынын колдоосу жана 2019-жылдын 28-январындагы элдик жыйындын №1 протоколунун негизинде талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кош-Коргон участкасындагы 1-квартал 15-участогундагы 0,06га жер тилкесине Кош-Коргон айылынын тургундарынын диний муктаждыктары үчүн белгиленген курулуш нормаларына ылайык мечит салууга уруксат берилсин.
2. Мечит салууга уруксат берилген жер аянты Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жер, агрардык маселелер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Эргешбаев |