Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылган XV кезексиз сессиясы
2019-жылдын 13-марты № 15/7
Баш-Дөбө айыл аймагынын Бостон (Көк-Таш) жер участогуна түзүлгөн мамлекеттик шаар курулушу жана архитектура долбоорлоо институтунун Ош шаарындагы филиалынын №24-18 шифирлүү генпланын бекитүү боюнча
Баш-Дөбө айыл аймагындагы Бостон (Көк-Таш) жер участкасына 800дөн ашуун атуулдар турак жай куруу үчүн арыздарды беришип айыл өкмөтүнө кайрылышкан,Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Зулпукаровдун билдирүүсүн угуп,талкуулап айыл тургундарынын жана жаш үй бүлөөлөрдүн турак жай муктаждыктарын чечүү максатында Баш-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Дөбө айыл аймагынын Бостон (Көк-Таш) жер участогуна түзүлгөн №24-18 сандуу генпланы бекитилсин.
2. Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын ажыраткан жер аянтына керектүү болгон документтери бүтүрүлүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жер,агрардык маселелер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Эргешбаев |