Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-июлу № 44
Токтогул шаарында муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июлундагы №302 токтому менен бекитилген “Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө Жобого” ылайык, Токтогул шаарында муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин түзүү, муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин иштеп чыгуу боюнча Жумушчу комиссия түзүү жөнүндө Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 02.07.2019-жылдын 01-34/360 сунушун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумушчу комиссия (мындан ары комиссия) төмөндөгү курамда бекитилсин:
1) Комиссиянын төрайымы: Н.Көчөрканова –Токтогул шаарынын вице-мэри
2) Катчысы: Т.Бекташова- Токтогул шаардык мэриясынын башкы адиси
Мүчөлөрү:
3) Т.Дарманова – Токтогул шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси, шаардык кеңешинин депутаты
4) Н.Кулузакова – Токтогул шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы
5) А.Джаныбаева- Токтогул шаарынын жашоочусу, шаардык кеңештин депутаты
6) К.Каратаев- Токтогул шаарынын жашоочусу
7) Б.Чакиев – Токтогул шаарынын жашоочусу
2. Комиссия өз ишин “Муниципалдык кызматтардын реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун” талаптарына ылайык жүргүзсүн.
3. Комиссиянын жалпы иши боюнча жоопкерчилик Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, экология, мамлекеттик стандарт, мыйзамдуулукту чындоо, боюнча” туруктуу комиссиясына (М.Исаков) тапшырылсын.
5. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.А.Раманкулов |