Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2019-жылдын 02-июлу № 45
Токтогул шаарындагы А.Козубеков атындагы эс алуу багында ажаткана курууга макулдук берүү боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбеков А.Козубеков атындагы эс алуу багына заманбап ажаткана куруу зарылчылыгы жөнүндө ооз эки түрүндө айтып, 02.07.2019-жылы чыгыш № 01-34/357 жазуу жүзүндө өз сунушун берген.
Себеби, эс алуу багындагы 1972-жылы салынган ажаткана, учурда санитардык-гигиеналык жана архитектуралык талаптарга жооп бербей, кулап калуу коркунчта тургандыктан, 2018-жылы Токтогул райондук ОААжМСЭК аны жабуу боюнча талап койгон.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Козубеков атындагы эс алуу багынын чыгыш тарабына (А.Суеркулов көчөсү тарабы), суу жана саркынды суу кетүүчү түтүктөргө жакын жерге муниципалдык, коомдук ажаткана салууга макулдук берилгендиги эске алынсын.
2. Аталган ажаткана учурдун талабына ылайыкталып, бардык керектүү шарттары менен курулсун.
3. Кирүү акысы Антимонополиялык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылып, шаардык кеңештин бекитүүсүнө сунушталсын.
4. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясына (М.Калмурзаев) тапшырылсын.
6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.А.Раманкулов |