Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2019-жылдын 02-июлу № 46
Токтогул шаарындагы Кушубаков көчөсүндөгү №4-үйдүн 5-батирин муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 02,07,2019-жылдагы 01-34/359 сунушу боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарындагы Кушубаков көчөсүндөгү №4-үйдүн 5-батири боюнча Токтогул райондук сотунун 17.05.2019-жылдагы чечими эске алынсын (тиркелет).
2. Токтогул райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан батирдин муниципалдык менчикке таандыгы боюнча тиешелүү документтери алынсын.
3. Аталган батирдин баланстык баасы аныкталып, Токтогул шаардык мэриясынын муниципалдык менчиктеги объекттеринин реестрине киргизилсин.
4. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиясына (М.Калмурзаев) тапшырылсын.
6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Т.А.Раманкулов |