Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) жыйналышы
2019-жылдын 11-апрели № 15/2
Кара-Кулжа айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу жана кыскартуу жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык аймагындагы 1-май айылындагы 3-март 2019-жылдагы элдик жыйындын № 11 “Ыксыз чыгымдарды кыскартуу жөнүндөгү” протоколдук чечимин, Биймырза айылындагы 11-март 2019-жылдагы элдик жыйындын № 12 “Ыксыз чыгымдарды кыскартуу жөнүндөгү” протоколдук чечимин, Сары-Камыш айылындагы 26-март 2019-жылдагы элдик жыйындын № 13 “Ыксыз чыгымдарды кыскартуу жөнүндөгү” протоколдук чечимин жана Кара-Кулжа айылындагы 20-март 2019-жылдагы элдик жыйындын № 14 “Ыксыз чыгымдарды кыскартуу жөнүндөгү” протоколдук чечимдерин жана Кара-Кулжа айыл аймагында ыксыз чыгымдарды кыскартуу жөнүндөгү Жобону угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Кулжа айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу жана кыскартуу жөнүндөгү Жобо бекитилсин (Жобо тиркелет).
2. Кара-Кулжа айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу жана кыскартуу боюнча комиссиянын курамын жобонун негизинде түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге тапшырылсын.
3. Кара-Кулжа айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу жана кыскартуу жөнүндөгү Жобону жетекчиликке алуу жагы комиссиянын курамына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Саипов |
Кара-Кулжа айылдык кенешинин 11-апрель 2019-жылдагы № 15 / 2 токтомуна тиркеме
Кара-Кулжа айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу, кыскартуу жөнүндөгү
1.Кара-Кулжа айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу жана кыскартуу жөнүндөгү Жобосу комиссиянын иш аракеттерин аныктайт.
2. Комиссиянын курамынын сандык жана сапаттык курамы, жобосу айылдык Кенеши тарабынан түзүлөт жана коллегиялдуу орган болуп саналат.
3. Комиссиянын курамы коомдук башталышта иш-аракеттерин жүргүзөт.
4. Комиссиянын курамы Кара-Кулжа айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу жана кыскартуу жөнүндөгү Жобону жетекчиликке алат.
5. Жободо белгиленген укуктарга комиссиянын курамы ээ.
6. Комиссиянын курамы Кара-Кулжа айылдык Кенешке отчет берүүгө милдеттүү.
1.Комиссиянын курамы так санда, 15-адамдан кем эмес, комиссиянын төрагасынан, комиссиянын төрагасынын орун басарынан, катчысынан жана мүчөлөрүнөн түзүлөт.
2. Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр кирет:-
-Жергиликтуу өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
-Жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы.
-Жергиликтуу жааматтардын өкүлдөрү жана коомдук жарандар.
-Социалдык тармакты тейлеген мамлекеттик органдар.
-милициянын атайын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (учасковый).
3.Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары комиссиянын төрагасы жана катчысы муниципалдык адис болот.
1.Комиссиянын курамынын 3/2 катышса отурум өткөрүүгө укуктуу.
2.Комиссиянын курамынын чечими аныктама түрүндө кабыл алынат.
3. Жобонун негизинде комиссиянын курамы айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу жана кыскартуу жөнүндөгү иштерди уюштуруп аткарат.
4.Айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу жана кыскартуу жөнүндөгү жобо менен тургундарга тааныштырат жана жаназага турган молдолорго түшүндүрөт.
5.Комиссиянын курамы төмөндөгү ашыкча чыгымга тыюуу салат:-
-Кара-Кулжа, Биймырза айылдарында тажияда, жылдыкта 1-малдан жэ 1-жылкыдан жэ 2-койдон ашыкча союш сойдурууга (1-жылкы союлса-1-мал, 2-кой союлбайт, 1-мал союлса-1-жылкы, 2-кой союлбайт, 2-кой союлса-1-мал, 1-жылкы союлбайт)
-1-Май айылында тажияда 2-кой, жылдыкта 2-кой жэ 1-малдан ашыкча союш сойдурууга (2-кой союлса, 1-мал союлбайт);
-Сары-Камыш айылында тажияда, жылдыкта 2-койдон ашыкча союш сойдурууга;
-Үчтүк, пайшамбилик, жетилик, кырктык өткөрүүгө жана катмыга союш союга;
-Себет которуп, союш жетелеп чай ичирүүгө жана жолук, материал алып алмаштырууга.
-Дасторконго ашыкча шириндиктерди, сусундуктарды жана салаттарды койдурууга;
-Көрүстөндөргө эстелик тургузуу;
-Көк кийүүгө, уй-бүлөө мүчөлөрунөн башкага уруксат берилбейт (атасы жэ апасы, бир туугандары каза болсо кыздары, карындаштары көк кийүүгө);
-Сандык ачууга, жыртыш жана челпек берүүгө;
1.Жалпысынан комиссиянын документтерин жүргүзүү комиссиянын төрагасына жүктөлөт.
2.Эсеп журнал жүргүзүү, каттоо, туп нуска документтерди тигүү, отурумдун протоколун жазуу, аныктаманын катарын белгилөө комиссиянын катчысына жүктөлөт.
3.Сактоо мөөнөту бүткөн документтер ведемстволук архивге АКТ менен тапшырылат.