Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) жыйналышы
2019-жылдын 11-апрели № 15/3
Кара-Кулжа айыл аймагында жашаган тургундардын материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндөгү жазылган арыздары жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 10-апрель 2019-жылдагы № 2 протоколдук чечиминин негизинде жана айыл аймагында жашаган тургундардын материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндөгү жазылган арыздарын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн резервдик фондусунан Кара-Кулжа айыл аймагында жашаган турак үйү 18-февраль 2019-жылы өртөнүп кеткен 1-Май айылынын тургуну 2-топтогу майып Эркинбаев Нурмаматка 10.000 сом, Биймырза айылынын тургуну боор оорусу менен ооруган Батаева Айнурага 10.000 сом, Биймырза айылынын тургуну 2014-жылы туулган ден-соолугу өтө оор абалда төшөктө жаткан Кайратбек кызы Айнагулгө 10.000 сом, Кара-Кулжа айылынын тургуну 1983-жылы туулган 1-топтогу майып ден-соолугу оор жүрөктөн операциясын жасатууга Сулайманкулов Бектур Маматкуловичке 10.000 сом жана Биймырза айылынын Сагынбай кызы Кундуз кочосунун тургуну Баргыбаева Канымбугө 10.000 сом бөлүнүп берилсин.
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2019-жылда бюджетинен Биймырза айылына болунгон акча каражатынан Биймырза айылынын тургуну боор оорусу менен ооруган Батаева Айнурага 40.000 сом, Биймырза айылынын тургуну 2014-жылы туулган ден-соолугу өтө оор абалда төшөктө жаткан Кайратбек кызы Айнагулгө 40.000 сом акча каражаты, жалпы 80.000 сом акча каражаты жардам көрсөтуугө бөлунуп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мамасалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |