Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) жыйналышы
2019-жылдын 11-апрели № 15/4
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2019-жылга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 10-апрель 2019-жылдагы № 2 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Кулжа айылындагы жаны ачылган (Сагындык уулу) Көрүстөндүн айланасын тосууга 2019-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүндөгү латокко бөлүнгөн акча каражатынан 170.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Кара-Кулжа айылындагы Бекен уулу Рыспай жана А.Юсупов чолок көчөлөрүнө (переулок) шагыл төгүп төшөөгө латокко бөлүнгөн акча каражатынан 235.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. 1-Май айылындагы А. Юсупов атындагы орто мектебине спорттук инвентар сатып алууга латокко бөлүнгөн акча каражатынан 100.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Кара-Кулжа айыл аймагында калктуу конуштарга милициянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (учасковый) коомдук коопсуздукту сактоо рейддерин уюштуруп өткөрүүгө КААБ га бөлүнгөн акча каражатынан 15.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Кара-Кулжа айылынын борбордук көчөлөрүн түнкү жарыктандырууга, Кара-Кулжа айылына каралган акча карачатынан 250.000 сом акча каражаты болунуп берилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мамасалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |