Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) жыйналышы
2019-жылдын 11-апрели № 15/6
Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесине (ЖПБ) келген “Чабрец” асыл тукум чарбасынан “Запад” атындагы 2-жашар буканын куудуру тарифинин өлчөмүн бекитүү, Кара-Кулжа токой чарбасы менен тарифтерин чечип берүү жана ЖПБ нын бюджетинен өкмөткө калчуу үчтөн бир бөлүгүн өкмөт аркылуу жайыттын инфраструктурасын ондогонго чечип берүү жөнүндө
Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) төрагасы А.Жумабаевдин маалыматтын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесине (ЖПБ) келген “Чабрец” асыл тукум чарбасынан “Запад” атындагы 2-жашар буканын куудуру жана уруктандыруу тарифи 500 (беш жуз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жазгы жана күзгү жайыт пайдалануу убактысы боюнча жайыт төлөмүнүн акча каражатынын жыйымдары Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесине (ЖПБ) 70 % үлүштүк бөлүгү, ал эми Кара-Кулжа токой чарбасына 30 % үлүштүк бөлүгү бекитилсин.
3. Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) бюджетинен өкмөткө калчуу акча каражатынын үчтөн бир бөлүгүн, айыл өкмөт аркылуу жайыттын инфраструктурасын ондогонго бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айылдык Кенешинин төргасынын орун басары М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Саипов |