Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) жыйналышы
2019-жылдын 11-апрели № 15/5
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 18.10. 2018-жыл № 11/ 13 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө сатып алуулар жөнүндө тендердик документтерди текшерүү боюнча депутаттык жумушчу курамды бекитүү жөнүндөгү” токтомунун аткарылышынын абалы жөнүндө
Кара-Кулжа айылдык Кенешинин 21.02.2019-жыл № 14 / 5 “Айылдык кеңешинин 18.10. 2018-жыл № 11/ 13 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө сатып алуулар жөнүндө тендердик документтерди текшерүү боюнча депутаттык жумушчу курамды бекитүү жөнүндөгү” токтомунун аткарылышынын абалы жөнүндөгү жана айыл өкмөтүндө сатып алуулар жөнүндө тендердик документтерди текшерүү боюнча депутаттык жумушчу курамга толук сатып алуулардын документтерин камсыздалбай калгандыгы жана эсептөө палатасы текшерүүдө болгондуктан текшерүүнүн убактысын натыйжалуу пайдаланылбай калгандыгын эске алуу жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Кулжа айылдык кеңештин депутаттары С.Суранбаев, Аматбек у.Суймөнкул, Ж.Аттокуров, Т.Жаанбаев, А.Абазовдор айылдык Кеңеши кабыл алган ченемдик укуктук актыларды жоопкерчилик менен аткарууну эске алышсын.
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө сатып алуулар жөнүндө тендердик документтерди текшерүү боюнча депутаттык жумушчу курам текшерүүнүн убактысын натыйжалуу пайдалануу менен (С.Суранбаев, Аматбек у.Суймөнкул, Ж.Аттокуров, Т.Жаанбаев, А.Абазов ) текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча толук маалымат-билдирүүсүн кезектеги сессияга даярдоо жагы жүктөлсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | Б.Саипов |