Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) жыйналышы
2018-жылдын 26-сентябры № 10/1
Кара-Кулжа айылдык кенешинин 17.08.2018-жыл № 3/3 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндөгү” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29.01.2018-жылдагы № 59 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченемдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” токтомун жетекчиликке алып жана аткаруу максатында Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа райондук прокуратуранын 18.09.2018-жылдагы № 11-1191-18 сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизинде Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 17.08.2018-жыл № 3/3 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндөгү” токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы Исраилов Мирбек Акбаровичке тапшырылсын.
Төрага | Б.Саипов |