Редакцияот 26.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(VI шайланган) жыйналышы

2018-жылдын 26-сентябры № 10/4

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Өзгөн шаары, Кара-Кулжа Өзгөн райондору боюнча региондор аралык башкармачылыгынын 10.02.2018- жыл № 23-18- 271 “1-Май айылындагы Ак-Таш атындагы көчөсүндө жайгашкан Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинин имаратынын эскилиги жетип, техникалык абалы азыркы талапка жооп бербегендиги жана эксплуатация кылууга жараксыздыгы жөнүндөгү” аныктамасынын негизинде, Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинин имаратынын эскилиги жеткендигине байланыштуу жаны имарат курууга уруксат берүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 3-бөлүмүнүн, 18- “Жергиликтуу маанидеги маселелер жөнүндөгү” болумчосунун 1, 2 жана 15 бөлүмчөлөрүн жетекчиликке жана Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндөгү” Кодексинин 4-беренесинин 3 -“Айылдык аймактын чектериндеги жеке жана мамлекеттик менчиктеги жерлерден башка жерлер муниципалдык менчик болуп эсептелиниши жөнүндөгү” бөлүмчөсүн эске алып Кара-Кулжа айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:-

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалы коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Өзгөн шаары, Кара-Кулжа Өзгөн райондору боюнча региондор аралык башкармачылыгынын 10.02.2018-жыл № 23-18- 271 “1-Май айылындагы Ак-Таш атындагы көчөсүндө жайгашкан Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинин имаратынын эскилиги жетип, техникалык абалы азыркы талапка жооп бербегендиги жана эксплуатация кылууга жараксыздыгы жөнүндөгү аныктамасынын негизинде, Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебине жаны имарат курууга уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө Кырдаалдар министирлиги тарабынан 02.04.2018-жылдагы № 83 корутундусу эске алынсын.

3. Жаны мектеп курууга жер аянтынын архитектуралык пландоо шарттарын тузуу (АПУ) жана жаны мектеп имаратына керектуу документтерин даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык кенештин торагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.Саипов