Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) жыйналышы
2018-жылдын 26-сентябры № 10/7
Ош областынын Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек арасын белгилөө долбоорун бекитүү жөнүндө
Кара-Кулжа айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоорун тактоо боюнча Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын август айынын 15 деги № 234 буйругунун негизинде бекитилген “Кыргызмамжердолборлоо” мамлекеттик институнун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Кара-Кулжа айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек арасын белгилөө долбоору боюнча материалдарды карап чыгып Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек арасын белгилөө долбоору боюнча “Кыргызмамжердолборлоо” мамлекеттик институнун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары жактырылсын.
2. Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек арасын белгилөө долбоору боюнча “Кыргызмамжердолборлоо” мамлекеттик институнун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө сунушталсын.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |