Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-октябры № 8/1
Сопу-Коргон жайыт комитетининбюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын VIII кезектеги отуруму Сопу-Коргон жайыт комитетинин бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында сунуштарды угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жана «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтү менен Сопу-Коргон жайыт комитетинин ортосунда түзүлгөн келишимге макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет келишими)
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жана «Жайыттар жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык, кайрадан түзүлгөн жайыт пулдун 3/1 бөлүгүн, жергиликтүү бюджетке калтыруу менен жайыт пулдун калган 3/2 бөлүгү менен түзүлгөн. Сопу-Коргон жайыт комитетинин бюджети айрым толуктоолору жана өзгөртүүлөрү менен бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, инвестицияларды тартуу жана салык боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Маташовга милдеттендирилсин.
Төрага | М.Атабаев |
Алай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 21-декабрындагы №8/1 токтомунун №1 тиркеме
КЕЛИШИМ №51
26-октябрь 2017-жыл Сопу-Коргон айылы
Биз эки тарап келишим түзүүчүлөр:
БИРИНЧИ ТАРАП: Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Кеңеш уулу Бектурсун.
ЭКИНЧИ ТАРАП: “Сопу-Коргон” Жайыт комитетинин төрагасы Жупуев Садык болуп төмөндөгүдөй келишим түзүлдү.
Алай айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү боюнча жобого ылайык жана жергиликтүү кеңештин № 8/1 токтомунун негизинде түшкөн акча каражатын КР “Жайыттар жөнүндө ” мыйзамынын негизинде жалпы үлүштүн 3/2 бөлүгүн которуп берет. Которулган каражатты өз максатында жумшалышын жана тиешелүү иштерди толук аткарууну көзөмөлдөйт. Аткарган жумуштардын тиешелүү документтери менен актынын негизинде отчетун өз убагында берилишин талап кылат. (келишимдин негизинде түзүлдү).
Алай айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү боюнча жобого ылайык жана жергиликтүү кеңештин № 8/1токтомунун негизинде түшкөн акча каражатын КР “Жайыттар жөнүндө ” мыйзамынын негизинде жалпы үлүштүн 3/2 бөлүгүн Айылдык кеңеште бекитилген сметанын негизинде сарптайт. Которулган каражатты өз максатында жумшайт жана тиешелүү жумуштарды толук аткарат. Аткарган жумуштарына тиешелүү документтери менен актынын негизинде отчетун өз убагында берип турат. Чыгымдалышына жана максаттуу пайдаланышына документтеринин жүргүзүлүшүнө жайыт комитети толук жооп берет.
Келишим эки тараптын макулдугу менен үч нускада түзүлдү. Келишимде көрсөтүлгөн талаптардын аткарылбай калуусу боюнча келишим түзүүчүлөрдүн келишпестиги Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чечилет.
БИРИНЧИ ТАРАП: ЭКИНЧИ ТАРАП:
К. Блекбаев атындагы “Сопу-коргон” жайыт
Алай айыл өкмөтү комитети
Р/С 4407052200000757 Р/С 1350430032956543
МФО 129042 МФО 135013
Банк Гульчинск ФОАО “РСК Банк” Банк Гульчинск ФОАО “Айыл Банк”
ИНН 00404200710460 ИНН 01911200910078
_____________ Б.Кеңеш уулу _____________ Жупуев С.
Колу МП Колу МП