Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги VIII отуруму
2017-жылдын 10-октябры № 8/2
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн жер адиси Машаев Бактыбектин Сопу-Коргон айылындагы авариялык абалда турган коомдук мончону, эски балдар бакчасынын кошумча курулган бир бөлмөсүн жана бүтпөй калган «ден-соолук борборун» буздуруу боюнча сунушун талкуулоо жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын VIII кезектеги отуруму К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн жер адиси Машаев Бактыбектин Сопу-Коргон айылындагы авариялык абалда турган коомдук мончону, эски балдар бакчасынын кошумча курулган бир бөлмөсүн жана бүтпөй калган «ден-соолук борборун» буздуруу максатында сунуштарды угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг департаментинин адистери тарабынан 28.05.2017-жылы чыгарылган, №155 корутундунун негизинде, Сопу-Коргон айылындагы коомдук мончону бузууга, курулуш материалдарынын баштапкы баасын коюп, аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг департаментинин адистери тарабынан 28.05.2017-жылы чыгарылган, №155 корутундунун негизинде Сопу-Коргон айылындагы эски балдар бакчасынын оң жак капталында кошумча курулган бир бөлмөсүн бузууга, жерин жаңыдан курула турган спорт залдын аянтына кошуп берүүгө, курулуш материалдарынын баштапкы баасын коюп, аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.
3. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн жарандык коргонуу комиссиясынын актысынын негизинде Сопу-Коргон айылындагы 2008-жылы курулуп бүтпөй калган «ден-соолук борбору» деген аталыштагы имаратты бузууга, жерин жаңыдан курула турган спорт залдын аянтына кошуп берүүгө, курулуш материалдарынын баштапкы баасын коюп, аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.
4. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, инвестицияларды тартуу жана салык боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Маташовга милдеттендирилсин.
Төрага | М.Атабаев |