Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын ХХII кезектеги отуруму
2019-жылдын 19-февралы № 22/1
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 20123,8 миң сом калган калдык акча каражатын, 2019-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын 2019-жылдын бюджетине иштетүү максатында, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Атабаев жана айыл өкмөтүнүн башчысы Кеңеш уулу Бектурсундун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык өкмөтүнүн айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXII отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-январына карата 2018-жылдан пайдаланылбай калган 20123,8 миң сом анын ичинде атайын каражаттар эсебинде 36,0 миң сом калдык акча каражатын 2019-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.
2. Айылдык Кеңештин отурумунда талкууланган 2019-жылдын 1-январына карата 2018-жылдан пайдаланылбай калган 20123,8 миң сом анын ичинде атайын каражаттар эсебинде 36,0 мин сом акча каражаты 2019-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип берүү жагы Алай райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Жогорудагы бекитилген толуктоолорду өз максатында чыгымдоо жагын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы –экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Маташов |