Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын ХХII кезектеги отуруму
2019-жылдын 19-февралы № 22/2
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чий-Талаа айылындагы Кызыл-Кыштоо участкасындагы жайыт жерлерди турак жай салуу үчүн “Калктуу конуш жерлери” категориясына (трансформациялоо) которуу жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чий-Талаа айылындагы Кызыл-Кыштоо участкасындагы жайыт жерлерди турак жай салуу үчүн “Калктуу конуш жерлери”категориясына (трансформациялоо) которуу Кыргыз Республикасыны 2013-жылдын 5-июлундагы №145 мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүнүн жана октябрындагы «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана Кыргыз Республикасынын жер участокторун которуу(трансформациялоо) жөнүндөгү №169 убактылуу жобону негиз кылып Алай айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Калктуу конушка которууга:
- Чий-Талаа айылы Кызыл-Кыштоо участкасынан жайыт жер контур №344– 2 га; №388-1,8га; №393 - 2,2 га№591-4 га: баары-10,0 га
2. Таштанды таштоочу жайга которууга:
Көнөк-Салды участкасынан жайыт жер контур №886-0.5 га жер
3. Жогорудагы аталган контурдагы жер тилкелерин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоо) Алай райондук жер боюнча комиссиясынан корутунду берүү жагы суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
5. Тиешелүү документтерин даярдоо Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан,Алай райондук жер кадастры кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Маташов |