Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын ХХII кезектеги отуруму
2019-жылдын 19-февралы № 22/4
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылында жайгашкан муниципалдык менчикте турган Сопу-Коргон милиция бөлүмүнүн имаратын бузуп кайрадан куруу жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-коргон айылында жайгашкан муниципалдык менчикте турган Сопу-Коргон милиция бөлүмүнүн имаратынын эскилиги жеткендигине байланыштуу бузуп ордуна жаңыдан имарат куруу максатында Алай айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылында жайгашкан муниципалдык менчикте турган Сопу-Коргон аймактык милиция бөлүмүнүн имаратынын эскилиги жеткендигине байланыштуу бузуп ордуна жаңыдан имарат курууга уруксат берилсин.
2. Сопу-Коргон айылында жайгашкан 5-01-01-1004-0148 идентификациялык сыр белгидеги муниципалдык менчикте турган жер тилкесине милиция бөлүмүнүн имаратын бузуп кайрадан куруу үчүн 708,52 м кв жер тилкеси бекитилип берилсин.
3. Юридикалык тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына жана Алай райондук мамлекеттик жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына сунуш кылынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу К.Абдрамановага жүктөлсүн.
Төрага | Н.Маташов |