Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын ХХII кезектеги отуруму
2019-жылдын 19-февралы № 22/5
К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Сопу-Коргон жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджетин, жайыт мыйзамына ылайык жайыт пайдалануу жана жайыт акы баасын бекитүү жөнүндө
К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү боюнча жобого ылайык жана КР “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын негизинде, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К. Белекбаев атындагы алай айыл өкмөтүнүн “Сопу-Коргон” жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджети бекитилсин.
2. К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн “Сопу-Коргон” жайыт комитетинин 2019-жылга карата жайыт пайдалануучулардан алынуучу жайыт акысы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
Айыл өкмөттүн жайыт пайдалануучулары 1. баш бодо малга 50 сом
1 баш жылкыга 50 сом
1 баш кой эчкиге 10 сом
Сырттан келген жайыт пайдалануучуларга 1 баш бодо малга 150 сом
1.баш жылкыга 150 сом
1. баш кой эчкиге 25 сом
3. “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын негизинде жалпы үлүштүн (жайыт пулдун) 3/2 бөлүгүн жайыт комитетине которуп берүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Ч. Пайзилдаевге милдеттендирилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Маташов |