Загрузка документа…
К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын ХХII кезектеги отуруму
2019-жылдын 23-майы № 23/1
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери Шадыбеков Эшмамбеттин сүрөтүн райондук «Ардак тактага » жана «Курманжан Датка » музейине коюу жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXIII отуруму жогорудагы маселени карап жана талкуулап,
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
Т О К ТО М К Ы Л А Т :
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери Шадыбеков Эшмамбеттин дарыгерлик кесипте 45 жыл эмгектенгендиги жана көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарды алгандыгына байланыштуу портирети райондук Алымбек Датка атындагы эс алуу багынын “Ардак тактасына” жана сүрөтү Курманжан Датка музейине илинсин.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Алай райондук мамлекеттин администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана этика комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маташов |