Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-сентябры № 19/1
Айыл өкмөтүнүн аймагында мектептердин жаны 2018-2019-жылына карата ремонттоо жана бала бакчалардын аткарып жаткан иштери жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн аймагында мектептердин жаны 2018-2019-жылына карата ремонттоо жана бала бакчалардын аткарып жаткан иштери жөнүндө З.Каримовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
Будалык айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагында мектептердин жаны 2018-2019-жылына карата ремонттоо жана бала бакчаларда алгылыктуу иштер аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
2. Ар бир мектепке жалпы 33200(отуз үч миң эки жүз) сом акча каражатына “интерактивдик доска” алынып берилген инвентарларга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
3. Мектептердеги окуу тарбия иштеринин,билим сапатын көтөрүүгө аракеттерди көрүү мектеп директорлоруна жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин
Төрага | С. Рахматов |
Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Каримовдун
билдирүүсү
Будалык айыл өкмөтүндө 3 орто, 1 башталгыч билим берүү мектептери бар. Бүгүнкү күндө 76 мугалим эмгектенсе анын 53ү аялдар , 503 окуучуга билим берип жатышат. Мектеп окуучулары райондук спорттук мелдештерде ийгиликтерге жетишип жатышат.
Жалпы билим берүүчү мектептер үчүн 50мин, башталгыч мектеп үчүн 5мин акча каражаты бөлүнгөн.Ар бир мектепке жалпы 33200(отуз үч миң эки жүз) сом акча каражатына “интерактивдик доска” алынып берилди.
Ж.Бубаев мектеби райондо “Жылдын мыкты мектеби” конкурсуна катышып, областка жолдомо алышты.
Ж.Бубаев атындагы орто мектебинин окуучулары биология сабагынан 10-класстын окуучусу Кадырбек уулу Илимбек 1-орунду, Гүлжигит кызы Нураида 1-орунду камсыз кылып, областтык олимпиадаларга катышып келишти. 11-класстын окуучусу Тагайбек уулу Талгат райондо өткөрүлгөн “ХХ1 кылымдын интелектуалдары” деген конкурска катышып 1-орунду камсыз кыла алды.
2018-2019-окуу жылына карата “Агахан” фондусунун “шашке тамагы” долбооруна катышып, утуп чыгышты. Мында мектептин ашканасы толук ремонттолду жана идиш-аяктары жаныланды.Бул иштерди уюштурууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен300мин сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
Ж.Кыпыева атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Тобакалова райондо өткөрүлгөн “Эстафетага жүгүрүү” боюнча 1.5км аралыкка жүгүрүп 1-орунду камсыз кылып, республикалык денгээлде өтүлүүчү мелдешке катышуу үчүн жолдомого ээ болду.Ошол эле мектептин 8-классынын окуучусу Сыргабай кызы Тахмина бийиктикке секирүү боюнча 3-орунду камсыз кылууга жетишти.
Кум-Шоро мектебин 7 окуучу 11-классты бүтүрүп. ЖРТдан 107 ден 143 баллга чейин камсыз кыла алышты. Англис тили сабагынанТөлөн кызы Айзат областтык олимпиадага катышып, 1-орунду камсыз кыла алды жана республикалык олимпиадага катышып атайын “мыкты окуучу” сертификатына ээ боло алды.
Будалык айыл өкмөтүндө 2 бала бакча бар.Аларды ремонттоо үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 40мин акча каражаты каралган. 50 мин сом акча каражатына 2 ноутбуг принтери менен 2 бала бакчага алынып берилди.
№20 Ш. Айткулов атындагы бала бакчасы 2018-жылдагы ремонт иштери боюнча райондо 1-орунду камсыз кыла алышты ал эми “Шалбаа”бала бакчасы Кыргыз Республикасынын Ош областтык ыйгарым өкүлүчүлугүнөн 3-орунду алып,”Ардак громатага” ээ болушту.
Ш. Айткулов жана “Шалбаа”балдар бакчаларында даталуу күндөр балдар жана ата-энелер менен биргеликте өткөрүлүп жатат.
Айыл өкмөттүн башчысы: З.Каримов