Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 чакырылышынын кезектеги 19 заседаниеси
2018-жылдын 20-сентябры № 19/2
Айылдардагы ички жана жайыт жолдордун абалы жөнүндө
Айылдардагы ички жана жайыт жолдордун абалы З.Каримовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,
Будалык айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ар бир айылдын ички жолдорунун жана жайыт жолдордун абалы үзгүлтүксүз көзөмөлгө алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн айылдарындагы айрыкча эң начар абалда турган ички жолдор белгиленип, шагыл төктүрүп берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Ички жолдорду ремонттого айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражаты бөлүнүп берилсин жана сапаттуу ремонт жүргүзүү талап кылынсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн
Төрага | С. Рахматов |