Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 чакырылышынын кезектеги 19 заседаниеси
2018-жылдын 20-сенттябры № 19/7
Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Оро-Дөбө айылындагы Гүлчө айыл өкмөтү менен чектешкен Конолго чаты участкасындагы Ош-Сары-Таш-Эркечтам авто жолунун 84-чакырымындагы Гүлчө дарыясынын жээгинде жайгашкан айыл чарбасына жараксыз бош жаткан сайдан жер аянтын ижарага берүү жөнүндө
Оро Дөбө айылындагы дарыянын жээгине асфальт-бетон заводун куруу үчүн ижарага берүү жөнүндө жер адистин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Будалык айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Будалык айыл өкмөтүнүн алдындагы калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын 14.08.2018- жылдагы № 1 протоколун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 7-статьясынын 2- пунктуна таянып, Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Оро-Дөбө айылынын Гүлчө айыл өкмөтү менен чектешкен Конолго чаты участкасын б.а Ош-Сары-Таш-Эркечтам авто жолунун 84-чакырымындагы Гүлчө дарыясынын жээгиндеги айыл чарбасына жараксыз бош жаткан сайдан 5,0 га жер участогун “Алай –Айылкурулуш” акционердик коомунун 2018-жылдын 26- июлундагы №35 сандуу каты боюнча асфальт-бетон заводун куруу үчүн 11(он бир) жылга убактылуу келишимдин негизинде ижарага берилсин.
2. Токтомдо көрсөтүлгөн жер участогун чектеп берүү айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Мурзакуловго милдеттендирилсин.
3. Убактылуу пайдалануу укугун тастыктаган юридикалык документти “Алай –Айыл курулуш” акционердик коомунун наамына даярдап берүү райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо башкармалыгына сунуш кылынсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу,айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | С. Рахматов |