Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 чакырылышынын кезектеги 20 заседаниеси
2018-жылдын 18-декабры № 21/1
Будалык айылдык өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылга аткарылышы жана 2018-жылга маалыматы, 2019-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше чыгаша бөлүктөрүн бекитүү 2020-2021-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Каримовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Будалык айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Будалык айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы киреше бөлүгү 23927,8 миң сомго; анын ичинен өздүк киреше 13802,7, теңдөөчү грант -5634,2 мин сом, атайын каражаттар -224,4 миң сомго, республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар -962,4 жана өткөн жылдан калган калдык 3303,8мин сом, чыгаша бөлүгү 8424,7 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 11475 мин сомго, чыгаша бөлүгү 11479,4 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. 2019-жылга айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө теңдөөчү трасферттен 8765,5миң сом жана өздүк киреше 3641,4 мин сом,анын ичинен атайын каражаттан 320,0 мин сом, жалпысынан 12406,9 мин сом, чыгаша бөлүктөрүнө 12406.9 миң сом бекитилсин.
3. Будалык айыл өкмөтүнүн бюджети 2020-жылга 12628,9 сом, 2021-жылга 12814,3 миң сом долбоорлонсун.
3. Ар түрдүү чыгымдардан 250,0 миң сом айыл өкмөтүнө даталуу күндөргө жана майрамдык ишчараларга жумшалсын.
4. Айылдык кенештин төрагасына 5455 сом эмгек акы төлөп берүү үчүн бекитилсин.
6. Будалык айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетке каралган акча каражаттары беренелер боюнча жумшалышын камсыз кылуу, отчет иштерин убагында жүргүзүп айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнө тапшыруу жагы мектеп директорлоруна,бала бакча башчыларына чарбалык иштер боюнча орун басарларына милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | С. Рахматов |
Будалык айылдык Кенешинин 6 чакырылышынын
кезектеги 18 декабрдагы
2018-жылдагы № 21\1 токтомуна Тиркеме
Будалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2018-жылдын 12 айына жалпы
9395,8 миң сомго бекитилсе, анын ичинен өздүк киреше 3224,4 миң сомду, теңдөөчү грант
6171,4 миң сомду түзөт.
2018-жылдын 12 айында тактоолордун негизинде жергиликтүү бюджеттин планы 26690,7 миң сом, анын ичинде теңдөөчү грант 6171,4 миң сом, өздүк киреше 3221,1 миң сом (анын ичинде атайын каражат 320,0 миң сом), республикалык бюджеттен берилүүчү каражат 1795,1 миң сомду түздү.
Будалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинин планы 2018-жылдын 12-айында 2824,0 миң сомго бекитилген болсо, тактоолордун негизинде 2820,7 миң сомду түзүп 3,3 миң сомго азайтылган.
2018-жылдын 12 айынын бекитилген планына өзгөртүү киргизүү салыктын түрү боюнча төмөндөгү таблицада көрүнүп турат.
№ |
Кирешенин түрү | 12-ай 2018-жыл | |||||
План |
аткарылганы |
Аырма (-;+) | Аткарылган % | ||||
бекитилген | такталган | (гр 3-2) | (гр 4-3) | (гр4/3) | |||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 9 | 7 |
1 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 602,0 | 602,0 | 602,0 |
| 18,0 | 103,0 |
2 | Калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарбалык эмес жерлерди пайдалангандык үчүн | 1,0 | 1,0 | 1,7 |
| 0,7 | 170,0 |
3 | Жер казынасын пайдалануу укугун кармап туруу үчүн акы | 2000,0 | 1896,7 | 1893,7 | -3,3 |
| 100,0 |
4 | Чакан ишкердин субьектери үчүн бирдиктүү салык | 8,0 | 8,0 | 15,3 |
| 7,3 | 191,3 |
5 | Ыктыярдуу патенттин негизинде салык | 30,0 | 30,0 | 30,6 |
| 0,60 | 102,0 |
6 | Транспорт каражаттарын салык жеке жактар | 120,0 | 120,0 | 160,1 |
| 40,1 | 133,4 |
7 | Короо жанындагы жер салыгы | 28,0 | 28,0 | 33,2 |
| 5,2 | 118,6 |
8 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы | 35,0 | 35,0 | 66,8 |
| 31,8 | 190,9 |
9 | Калктуу конуштагы жердин ижара акысы |
|
| 211,0 | 211,0 | 211,0 |
|
10 | Жайыттарды пайдалануу үчүн акы |
| 100,0 | 130,7 | 30,7 | 30,7 | 130,7 |
| Жыйынтыгы: | 2824,0 | 2820,7 | 3166,1 | -3,3 | 345,4 | 112,2 |
2018-жылдын 12-айында айыл окуругуна республикалык бюджеттен каржылануучу теңдөөчү гранттын такталган планы 6171,4 миң сом белгиленсе, аткарылышы 6171,4 миң сомду түзүп 100,0 пайызга аткарылды.
Мындан тышкары 2018-жылдын 12-айынын ичинде айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен электр энергиясы үчүн калкка жеңилдиктерге 334,3 миң сом, статистер үчүн ыйгарымдуу каражат (делегирование) 31,6,6 миң сом, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы 499-токтомунун негизинде муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы көбөйгөндүгүнө байланыштуу, эмгек акыга кошумча 1144,2 миң сом, жалпысынан 1795,1 миң сом республикалык бюджеттен кошумча бөлүнүп берилген.
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча
2018-жылдын 12-айынын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы төмөндөгү таблицада көрүнүп турат.
Бөлүмдөр |
План |
Кассалык чыгым | аткарылганы |
Аырмасы (-;+) |
| ||
бекитилген | такталган | (гр 3-2) | (гр 4-3) | % | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 9 | 7 | 8 |
Мамлекеттик башкаруу | 4276,1 | 6233,4 | 5828,7 | 5540,0 | 1957,3 | -404,7 | 93,5 |
Коргоо | 30,0 | 30,0 |
|
|
|
|
|
Экономикалык маселе | 50,0 | 3974,4 | 1148,6 | 170,9 | -3924,4 | -2825,8 | 28,9 |
а.и.Экономикалык маселе (жайыт) |
| 66,7 | 48,6 | 48,6 | 66,7 | -18,1 | 72,9 |
ЖХК | 2011,5 | 1431,5 |
|
| -580,0 |
|
|
Эс алуу, маданий жана диний иштерди уюштуруу | 665,8 | 668,6 | 604,9 | 600,9 | 2,8 | -63,7 | 90,5 |
Билим берүү | 2242,4 | 13898,5 | 3442,9 | 1665,9 | 11656,1 | -10455,7 | 24,8 |
Социалдык коргоо | 120,0 | 454,3 | 454,3 | 454,3 |
|
| 100,0 |
Жалпысы: | 9395,8 | 26690,7 | 11479,4 | 8432,0 | 17294,8 | -15211,3 | 43,0 |
Мамлекеттик башкаруу -701
Айыл окуругунда иштеген муниципалдык кызматкерлердин жана кенже топтордун эмгек аклары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 28,09,2013 жылдагы №383, 384 08.07.2013 жылдагы №403 жана 02.10.2013 жылдагы №543 жана 07.08.2017-жылдагы №499 токтомдорунун негизинде түзүлгөн штаттык тизменин негизинде төлөнүп жатат.
2018 жылдын 12-айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.07.2013-жылдагы №403 токтомунун негизинде айыл өкмөттөрдүн аппаратында жалпысынан 14,0 штаттык бирдик, анын ичинен негизги персонал 12,0 штат бирдик кенже тейлөөчү персоналдар 2,0 штат бирдик сет штат отчетунда түзөт.
2019-жылдын 1-январына карата социалдык чегерүүдөн 61,2 миң сом жана киреше салыгына 69,6 миң сом дебитордук карыз көрсөтүлдү.
Аппарат -701
Жергиликтүү бюджеттин мамлекеттик башкаруу тармагы боюнча 2018-жылдын 12-айына 4276,1 миң сом бекитилсе, такталган план 6233,4 миң сомду түзүп, жалпысынан план 1957,3 миң сомго көбөйгөн алар: өткөн жылдан калган калдык 496,5 миң сом, статистер үчүн ыйгарымдуу каражат (делегирование) 316,6 миң сом, эмгек акыга кошумча (сред перед на доп.зарплату) 1144,2 миң сомго көбөйгөн.
Коргонуу - 702
Жергиликтүү бюджеттин коргонуу бөлүгү боюнча 2018-жылыдын 12-айна 30,0 миң сом бекитилсе, такталган план 30,0 миң сом.
Экономикалык маселелер – 704
Жергиликтүү бюджеттин экономикалык маселелер блогу боюнча 2018-жылдын 12-айына 50,0 миң сом бекитилсе, такталган план 3974,4 миң сомду түзүп, жалпысынан план 3924,4миң сомго көбөйгөн алар: өткөн жылдан калган калдык 3824,4 миң сом киреше бөлүгүнө 100,0 миң сом.
Турак жай жана коммуналдык кызматтар – 709
Жергиликтүү бюджеттин турак жай жана коммуналдык кызматтар бөлүгү боюнча 2018-жылдын 12-айына 2011,5 миң сом бекитилсе, такталган план 1431,5 миң сомду түзүлүп кассалык чыгым болгон жок.
Маданият тармагы -708
Айыл окуругунда маданият тармагын иштеген кызматкерлердин жана кенже топтордун эмгек акылары Кыргыз Республикасынын 31.01.2012 жылдагы № 99 19.01.2011 жылдагы № 19 токтомдорунун негизинде түзүлгөн штаттык тизменин негизинде түзүлүп жатат.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 31.01.2012 жылдагы №99 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн маданият тармагында 2017-жылдын 12-айына жалпысынан 3,5 штаттык бирдик, анын ичнен негизги персонал 4,0 штат бирдик кенже тейлөөчү персоналдар 1,5 щтат бирдик сет щтат отчетунда түзөт.
Жергиликтүү бюджеттин маданият тармагы боюнча 2018-жылдын 12-айына 665,8 миң сом бекитилсе, такталган план 668,6 миң сомду түздү алар: өткөн жылдан калган калдык 2,8 миң сом.
Билим берүү тармагы – 709
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.01.2012 жылдагы № 302 токтомунун негизинде 2013-жылдын 1-августунан баштап райондогу бардык айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы мектептер жана балдар бакчаларынын эмгек акылары, социалдык фондго чегерүүсү, 1-4 класстын тамак ашы райондук билим берүү бөлүмү аркылуу республикалык бюджеттен каржыланып жатат. Мындан башка беренелерине жыл башында жергиликтүү бюджеттен бекитилген.
Жергиликтүү бюджеттин билим берүү тармагы боюнча 2018-жылдын 12-айына 2242,4 миң сомго бекитилсе, такталган план 13898,5 миң сомду түзүп, жалпысынан план 11656,1 миң сомго көбөйгөн.
Социалдык коргоо тармагы – 710
Жергиликтүү бюджеттин социалдык коргоо тармагы боюнча 2018-жылдын 12-айна 120,0 миң сомго көбөйгөн алар: республикалык бюджеттен 334,3 миң сом.
Дебитордук-кредитордук карыздар:
2019-жылдын 1-январына карата байланыш кызматынан 5,2 миң сом, электр энергиясынан 100,6 миң сом имараттарды курулмаларды куруудан 120,0 миң сом, учурдагы чарбалык камсыз кылууга 40,6 миң сом жана кызмат кылууга 6,5 миң сом дебитордук аласа жана сапар чыгымы 2211 беренесинен 5,2 миң сом кредитордук карыздар көрсөтүлдү.
Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы: З.Каримов