Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 чакырылышынын кезектеги 22 заседаниеси
2019-жылдын 08-февралы № 22/2
Будалык айыл өкмөт башчысынын 2018-жыл ичинде аткарган иштери боюнча жылдык отчетун угуу жөнүндө
Будалык айыл өкмөтүнүн башчысынын 2018-жыл ичинде аткарган иштери боюнча жылдык отчетун угуп жана талкуулап
Будалык айылдык кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Будалык айыл өкмөтүнүн башчысынын 2019-жыл ичинде бир топ ийгиликтерге жетишкендиги белгиленсин.
2. Салыктын бардык түрү боюнча берилген пландар аткарылгандыгы белгиленсин.
3. 2019-жыл ичинде айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык абалын мындан ары да жакшыртуу чаралары көрүлсүн.
4. Калкка жайыт төлөмдөрүн мындан ары да убагында төлөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
5. Жайыт жолдорду ремонттону жазалды менен баштоо жана ремонтто үчүн техниканы максаттуу пайдалануу жагы каралсын.
6. 2019-жыл ичинде айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык абалын мындан ары да жакшыртууда чет элдик уюмдар менен иштөө, инвецтицияларды тартуу менен иш жүргүзүлсүн
7. Таза суу ишканаларынын сапаттуу иштөөсүнө көзөмөл жүргүзүлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бардык туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.
Төрага | С. Рахматов |
Билим берүү тармагына айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлуп жаткан колдоолорго токтолуп өтөйүн: Будалык айыл өкмөтүндө 2019-жылга карата калктын саны 3884 болуп такталды.
Будалык айыл өкмөтүндө 3 орто, 1 башталгыч билим берүү мектептери бар. Бүгүнкү күндө 76 мугалим эмгектенсе анын 53ү аялдар , 503 окуучуга билим берип жатышат. Мектеп окуучулары райондук спорттук мелдештерде ийгиликтерге жетишип жатышат.
Жалпы билим берүүчү мектептер үчүн 50мин, башталгыч мектеп үчүн 5мин акча каражаты бөлүнгөн. Ар бир мектепке жалпы 33200(отуз үч миң эки жүз) сом акча каражатына “интерактивдик доска” алынып берилди.
Ж.Кыпыева атындагы орто мектебинин чатырын алмаштыруу үчүн түрткү берүүчү грантка1952674 сомдук долбоор жазылып,чатыры толук алмаштырылды.
Ж.Бубаев атындагы орто мектеби 2018-2019-окуу жылына карата “Дүйнөлүк азык түлүк программасы” долбооруна катышып, утуп чыгышты. Мында мектептин ашканасы толук ремонттолду жана идиш-аяктары жаныланды.Бул иштерди уюштурууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 300мин сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Мындан сырткары 1982-жылы туулган атуулдар демөөрчүлүк көрсөтүшүп, ашканага ылайыктуу 50мин сомдук стол стулдарды жасатып беришти.
Будалык айыл өкмөтүндө 2 бала бакча бар.Аларды ремонттоо үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 40мин акча каражаты каралган. 50 мин сом акча каражатына 2 ноутбуг принтери менен 2 бала бакчага алынып берилди.
№20 Ш. Айткулов атындагы бала бакчасы 2018-жылдагы ремонт иштери боюнча райондо 1-орунду камсыз кыла алышты ал эми “Шалбаа”бала бакчасы Кыргыз Республикасынын Ош областтык ыйгарым өкүлүчүлугүнөн 3-орунду алып,”Ардак громатага” ээ болушту.Азыркы мезгилде Ш.Айткулов атындагы бала бакчага кошумча имарат куруу үчүн түрткү берүүчү грантка долбоор жазылып жатат.
Кара Суу китепканасынын полу цементтелип, ремонттолду.Жалпы маданият тармагына 2 китепканага компютер толук комплект алынып берилди
Кум Шоро айылына “Ассалам” кайрымдуулук фонду тарабынан 3млн 25мин сомдук мечит курулуп, ишке берилди.Бул мечитке жамаатардын да салымы бар.
Кара Суу айылында 300м жол элдик ашар жолу менен ондолду.Ассалам кайрым дуулук фондусунун колдоосу менен 5км суу түтукчөсү жаныланып, алмаштырылды Жалпы 300мин сом акча каражаты сарпталды
Тамга Терек айылындагы жамааттардын жана демөөрчүлөрдүн аракети менен 3км желим түтүкчө алынып, Тамга Терек айылына таза суу жеткирилди.Бул иштерге160 мин сомдон ашык акча каражаты сарпталды.
Оро-Дөбө айлында жамаатардын аракети менен 1миллион сом акча каражаты топтолуп, заманбап мечит түптөлүп бүгункү кунгө карата дубалы бүткөрүлдү.
Жайлоого кетүүчү 10км жол техника менен тазаланып,тегизделди. 5метрлик түтүкчөдөн 15 даана сел жүрүүчү жерлерге ашар жолу менен басылды.
Айылдардын ички жолдорунун абалына көнүл бурулуп, 25 КАМАЗ селевой шагыл төгүлдү. Кара Суу айылына 15, Октябрга 3, Тамга Терек айылына 4,Кум Шоро айылына 3 машина төгүлүп, ички жолдорго жамааттар өздөрү ынгайына жараша жайып алышты.
Октябрь айылында 4км жол алыскы жайыттарга барчу жол техника менен ондолду.Калктын өз каржаты менен топтолгон 52мин акча каражаты бар.Ал таза суунун түтүкчөлөрун ондоого, сел алган жерлерге гобион басууга, ички чарбалык жолдорду тазалоо, түтүктөрдү жанылоо иштерине сарптоо долбоорлонуп жатат
АРИСтин “Жайыттарды колдоо” долбоору тарбынан 1миллион800мин сомдук,элдин салымы 450мин сомдук акча каражаты менен “Карагай башы”, “Орто Жон”, “Кызыл Булак” “Көк таш” жайыттарын тосуп берүү долбоорлонуп жатат.
2018-жылга карата айыл өкмөтүндө малдын башы ири мүйүздүү мал 1613, кой-эчки 11588, анын ичинен эне башы 8644, жылкы 1340, анын ичинен 543 бээ, канаттуулар баары 1565, анын ичинен 937 тоок бар экендиги такталган болсо жана бул малдарга алдын-ала эмдөө жүргүзүлүп, лабораториялык аныктоолор, ветеринардык санитардык иш-чаралар аткарылып анализденип турат.
Будалык айыл өкмөтүнүндө аскердик иштер боюнча 2000-жылы туулган уландар каттого алынып,24 улан дарыгерлердин көзөмөлунөн өткөрүлдү.Жазгы аскерге чакыруу боюнча жалпы 63 улан болсо, анын ичинен 39 улан жогорку окуу жайларда окушат. 25 жаштан жогорку 2 улан 40 күндүк кызмат өтөөгө жөнөтүлдү.1улан 1жылдык мөөнөткө кызмат өтөөгө жөнөтүлдү. 11 улан 11-классты аяктады. Альтернативтик кызмат өтөгөн балдардын төлөм акчалары өз убагында төлөнүп 100 % га аткарылды.
Будалык айыл өкмөтүндө калкты социалдык жактан коргоо боюнча бир катар иштер аткарылды
Тактап айтканда , социалдык жеңилдик алуучулар боюнча:
тылда иштегендер – 6
жалгыз бой карыялар -5,
75-жаштан жогорку карыялар -80,
ооган согушунун катышуучусу -1,
Биринчи топтогу майыптар - 12
экинчи топто майыптар -41,
үчүнчү топтогу майыптар -52
баатыр энелер -54,
жарым жетим калган балдар -59,
толголок жетим калган балдар -2,
ажырашып кеткен же болбосо жалгыз бой энелер- 35,
”кургак учук” оорусу менен ооругандар -1 болуп каттодо турушат.
Будалык айыл өкмөтү боюнча 1- категорияда 0-900 сомго чейинки эн жакыр үй бүлөөлөрдүн саны 197, 2-категорияда 900-1519сомго чейинки орто үй бүлөөлөр -192,ал эми 3-категорияда 1354.1.-2314.1 сомго чейинки жакшы жашаган үй бүлөлөр-98 болуп жакырчылыктын деңгээли 54% пайызды түзөт
2018-жылдын 1-июндан баштап жөлөк пул чектөөчү комиссиялар мыйзамга ылайык ишин токтоткондугуна байланыштуу Алай районундагы социалдык өнүгүү башкармалыгындагы адистер кабыл алып жатат.
Ал эми Будалык айыл өкмөт тарабынан жакырчылыгы аныкталып соц паспорт толтурулууда
Демөрчү Асанов Адыл жана Асанов Макен тарабынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген,жарым жетим тоголок жетим,жалгыз бой карыяларга ,аз камсыз үй-бүлөөлөргө, баарына биригип 90-үй-бүлөөгө 1 каптан ун 5литрден май таркатылып берилди жана ошондой Улан Примовтун атынан да 10 үй-бүлөөгө 1кг күрүч ,1кг конфет,1кг макарон,1 пачка чай,1пачка кант 10 кг ун таркатылып берилди Мындан сырткары Улан Примов тарабынан карыяларга да өзү келип белектерди таркатып берди.
Ооган согушунун катышуучусу Мамытов Полотко айыл өкмөтү тарабынан 2000 (эки миң) сом акча каражаты,резервдик фонддон 5,0 (беш мин) сом бөлүнүп,айыл өкмөт кызмакерлери тарабынан үйүнө барып кабар алынып,баласына буткийим алып беришти
Мындан сырткары ден соолугуна байланыштуу оорусунун кесепетинен көп каражат сарптаган маркум Тобокел Ныязовдун үй бүлөөсүнө, боордон жабыркаган Жоомарт уулуна, жалгыз бой карыя Темирбаева Шааниге, чет мамлекеттен операция болуп келген Сабырбек уулуна да акча каражат бөлүп берилди.
Резервдеги акча каражатынан маркум Жээнбаев Адилдин үй бүлөөсүнө, ооган согушунун ардагери 5мин Мамытов Полотко, мүмкүнчүлугү чектелген Машаев Бакытка 5мин жана Калыкова Жыпаргүлгө 5200 акча каражатын бөлүп бердик жана ал жогоруда аталган ар бир атуулдун колдоруна жеткирилди.
ПРООНдун “Азык түлүк программасы боюнча Рыскулова тарабынан долбоор жазылып, жамааттардын ар кандай иштеген иштерине эмгек акы төлөө боюнча 48 тонна 400кг ун, 49047 л май алынып келип калкка таркатылды.
Өзгөчө кырдаалдар жана анын кесепеттерин алдын алуу
Өзгөчө кырдаалга даяр туруу боюнча Октябрь, Кайнама айылдарында ӨКМ тарабынан 17 даана чатыр берилип тигилип туруп жакында сентябрь айында бузуп тапшырдык. Кооптуу аймакта жашаган жарандарга эскертүү баракчалары таркатылып, кол койдурулду.
Жалпы кооптуу көчкү коркунучунда турган 12 үй-бүлөө Алай райондук соту тарабынан көчүрүлүп чыгарылууда.
Башчы: З.Каримов