Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6 чакырылышынын кезектеги 22 заседаниеси
2019-жылдын 08-февралы № 22/5
Жайыт комитетине АРИС тарабынан келген тракторго механизаторду тандап алуу боюнча конкурс өткөрүү жөнүндө жобону бекитүү
АРИС тарабынан келген тракторго механизаторду тандап алуу боюнча конкурс өткөрүү жөнүндө жобону менен таанышып,аны бекитүү максатында
Будалык айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Будалык айыл өкмөтүндөгү жайытты башкаруу планына негизинде түзүлгөн, жогоруда аталган техниканы максатка ылайык пайдалануу үчүн иштелип чыгылган жобо бекитилсин.
2. Курамы 5-7 сандагы адамдан турган комиссия түзүлүп, айыл өкмөтүнүн буйругу менен бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | С. Рахматов |