Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-декабры № 208
Зордук –зомбулукту алдын алуу , эрте турмушка чыгууну болтурбоо иш- чараларын алып барууга каражат бөлүү
“«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция боюнча комиссиясынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып,
Мырза-Аке айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Зордук –зомбулукту алдын алуу , эрте турмушка чыгууну болтурбоо иш-чараларын алып баруу үчүн 100 000 ( жүз миң) сом акча каражатын сураган айылдык Кеңештин депутаты Ж. Айтбаеванын арызы канааттандырылсын.
2. Иш-чараны кеңири масштабда түзүү , Мырза-Аке айыл аймагынын бардык айылдарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу , айылдык Кеңештин депутаты Ж. Айтбаевага жүктөлсүн.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Кимсанов |