МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги XXI сессиясы
2018-жылдын 15-марты № 212
М.Сулайманов орто мектебинин буу казанынын проект сметасын жасоого каражат бөлүү жөнүндө
«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. М.Сулайманов атындагы орто мектебинин буу казанынын проект сметасын жасатууга Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинен 100 ,000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Буу казанынын проект сметасын мыйзам чегинде жасатуу, мектептин жылытуу системасы нормада болуусуна көмөк көрсөтүү , Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы А.Р.Курманкуловго милдеттендирилсин..
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Кимсанов |