Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги XXI сессиясы
2018-жылдын 15-марты № 214
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин сессияларын көзөмөлдөөгө камера алууга каражат бөлүү
«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Мырза-Аке айылдык Кеңешинин сессияларын көзөмөлдөөгө камера алууга, орнотууга 50, 000 ( элүү миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Сапаты мыкты камера алуу жана орнотуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Курманкуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Кимсанов |