Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги XXI сессиясы
2018-жылдын 15-марты № 215
Мырза-Аке айыл аймагынын бардык участкаларындагы жолдор боюнча проект смета жасатууга каражат бөлүү
«Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, . Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Мырза-Аке айылдык кеёеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Мырза-Аке айыл аймагынын бардык участкаларындагы жолдорду асфальттоо боюнча проект смета жасатууга каражат бөлүнсүн.
2. Мырза-Аке айыл аймагынын бардык участкаларындагы көчөлөр , проект сметанын негизинде жана айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясы менен бирдикте түзүлгөн планга ылайык , 2019-2020-жылдары асфальттоо , айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеёештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Кимсанов |